Бүгүн, 3-мартта О! мобилдик оператору 16 жашын белгилеп жатат. Компания 2009-жылы түзүлгөн.
Эң кызыктуусу, 2025-жылы О! жөн гана байланыш оператору менен интернет провайдери бойдон калбастан, бүтүндөй «О! ааламына» айланды:
• О! жана Saima абонентинин жеке кабинети;
• O!Bank мобилдик банкинги;
• O!Market маркетплейси;
• арзан учак билеттерин сатып алуу боюнча O!Travel сервиси жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүктөр.
Кыргызстандын жылдыздары менен сүйүктүү инсандары О! операторун тандашат. Биз эксперимент жүргүзүп, бренддин досторунан алардын «Мой О!» тиркемеси менен өткөргөн бир күнү тууралуу айтып берүүлөрүн өтүндүк. Маалыматты сиздер менен бөлүшөбүз.
Эмилдин күнү кофе менен башталат
Тасмалардын, сериалдардын, шоулардын белгилүү актёру жана миллиондогон катталуучулары бар блогер Эмил Эсеналиев күн сайын эртең менен капчыгын жана накталай акча албай эле жанындагы кофейняга барат. Баарын «Мой О!» тиркемесинин жардамы менен төлөйт. Дагы Эмил «О!Бонус» лоялдуулук программасы аркылуу ар бир сатып алуу үчүн бонустарды алат.
«Күнүмдү жакшы көргөн кофемден жана сүйүктүү операторумду 16 жашка чыгышы менен куттуктоодон баштайм! Баарыңыздардын күнүңүздөр берекелүү өтсүн!» – деп Эмил жалпы кыргызстандыктарга салам жолдоду.
Түштө Азамат азык-түлүктөрдүн келишин күтүп жатат
Элдин сүймөнчүгү, юмористтик долбоорлордун жана кинофильмдердин жылдызы жакында эле үйлөндү, андыктан жаш үй-бүлө үчүн жума сайын азык-түлүктөрдү сатып алуу милдетке айланды.
«Биз дал ушул учурда О!Маркеттен азык-түлүктөрдүн акысыз жеткирилишин күтүп жатабыз. Бир топ убактыбызды үнөмдөй алабыз, тизме даярдап алып дүкөнгө баруунун зарылдыгы жок. Керектүүнүн баары үйгө өздөрү эле келип калат. Ошка, рахмат!» – дейт Азамат.
Назгүлдүн үй-бүлөлүк түйшүктөрү
«Резидент ТНТ Music» долбоорундагы жеңиши менен көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланган ырчы жана бир катар ырлардын автору Назгүл Токтакунова, өзүнүн үй-бүлөсүнө кам көрүүдө «Мой О!» тиркемеси кандайча жардам бергенин айтып берди:
«О! үй-бүлөлүк тарифи боюнча эсепти толуктоо убактысы келип калды, ата-энелерибиз биз менен ар дайым байланышта, мындан тышкары, жөн эле кабатыр болбош үчүн алардын каякта экенин карап тура алам», – деп бөлүштү Назгүл.
Нурсултан, адаттагыдай эле тоодо
Тревел-инфлюенсер Нурсултан Аттокуров Кыргызстанды кыдырып саякаттап, өлкөнүн табиятынын кооздугун чагылдырган сүрөттөр жана видеокадрлар менен байма-бай бөлүшүп турат.
«Мен бир эле Кыргызстандын ичинде эмес, чет өлкөлөргө да көп саякаттайм. Жакында эле тоого экспедицияга чыгып келдим. Тоодо жүрүп, учакка билет алыш керек болду. Бактыма О!Travel бар. Төлөмдү сом менен ишке ашырууга боло турганы жана авиакасса издөөнүн кереги жок экендиги кубандырат. Ошка менен баары оңой жана ыңгайлуу, ал эми «Мой О!» супераппы мен үчүн орду алмашкыс жардамчыга айланды. Бар бол, кымбаттуу Ошка!»
Кечинде Кадыр менен Айчүрөк достору менен жолугушат
«Баарыңарга салам! Биз бүгүн кайрадан достор менен кинокечеге чогулдук. O!TVден фильмдерди тандап, баарыбыз чогуу көрөбүз. Анан дагы чет өлкөдөгү досторубуз менен сааттап сүйлөшөбүз. Стрим жүргүзөбүз, оюн ойнойбуз. Болгон техникабыз: O!Store дүкөндөрүнөн алган смартфондор, акылдуу гаджеттер. Туулган күнүң менен, Ошка!», – деп брендди 16 жашка толушу менен куттукташты жаш блогерлер.
«Мой О!» тиркемесин App Store же Google Play аркылуу көчүрүп же жаңылап алып, артыкчылыктарынан каалаган оператордун SIM-картасы менен пайдаланыңыз.
Ар күн О! менен – жайлуулук жана жаңы мүмкүнчүлүктөр!
КР УБ 17.09.2024-ж. № 044 лицензиясы. Сервис «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лицензиялары.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.
Бишкек шаарынын ичинде акысыз жеткирүү кызматы 31.05.2025-жылга чейин O!Market аркылуу 1000 сомдон жогору суммага соода кылган бир сатып алуучуга жеткиликтүү.