Рамзан Кадыров Бувайсар Сайтиевдин өлүмү боюнча үн катты

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров эркин күрөш боюнча үч жолку Олимпиада чемпиону Бувайсар Сайтиевдин каза болгондугу тууралуу кабарга реакция кылды.

Анда Кадыров Бувайсар Сайтиев көптөгөн жаштарга үлгү болгонун белгиледи.

"Бувайсар Сайтиев жөн эле чемпион болгон жок, ал эрдиктин, асылдыктын жана чыныгы кавказдык духтун символу болгон. Анын ысымы дүйнөлүк күрөш тарыхында түбөлүккө алтын тамгалар менен жазылган. Ал Орусиянын желегин ири эл аралык ареналарда бир нече жолу көтөрүп, элибиздин жана мамлекетибиздин намысын коргоп келген.

Спорттук карьерасын аяктагандан кийин Бувайсар Хамидович өзүн мекенине кызмат кылууга арнап, жаштарды тарбиялоо менен алектенип, Мамлекеттик Думанын депутаты, Чечен Республикасынын күрөш федерациясынын президенти болгон. Ал ар дайым өзүнүн принциптерине бек туруп, сөзгө да, ишке да бекем турган.

Жакында Бувайсар Хамидович Москвадагы ооруканалардын биринде жүрөүн дарылаткан. Дарыгерлердин бардык аракеттерине карабай ал каза болду. Бирок ал биздин жүрөгүбүздө өмүрүн спортко, жаш муундарды тарбиялоого, элине ак кызмат кылууга арнаган инсан катары сакталып калат", - деп жазды Кадыров өзүнүн телеграм каналына.

Белгилей кетсек, Бувайсар Сайтиев кечээ, 2-мартта Москвадагы ооруканалардын биринде каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан