Казакстандын калкы бир айда канчага көбөйгөнү белгилүү болду

Коңшу Казакстандын Улуттук статистикалык бюросу 2025-жылдын 1-февралына карата казакстандыктардын санын жарыялады.

Бюронун маалыматы боюнча, февраль айынын башына карата Казакстандын калкынын саны 20 миллион 300 миң 618 адам. Бир айда казакстандыктардын саны 14 миң 534 адамга көбөйдү.

Республиканын үч шаарында жана төрт облусунда миллиондон ашык адам жашайт. Калкы эң жыш жайгашкан аймакта Алматы жана Түркстан облустары. Алматы облсунуда 2 миллион 297 миң 491 жана Түркстан облусунда 2 миллион 154 миң 144 адам жашайт.

20 миллиондун ичинен шаарларда 12 миллион 795 миң 502 адам, айылдарда 7 миллион 505 миң 116 адам жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан