Кечээ, 3-мартта президент Дональд Трамп АКШнын Украинага бардык аскердик жардамын убактылуу токтотту. Бул туурасында Ак үйгө шилтеме берип чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, буйрук дароо күчүнө кирет. Ал 1 миллиард доллардан ашык курал-жарактарга, жолдо бара жаткан жана буйрутма берилген ок-дарыларга таасирин тийгизет. Чечим Трамп менен анын улуттук коопсуздук боюнча башкы жардамчыларынын Ак үйдө болгон бир катар жолугушууларынын натыйжасында ишке ашкан.
Убактылуу чектөө Украина Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү аракетин кылмайынча күчүндө болору маалыматта кошумчаланган.