Рим папасы Францисктин абалы айтылды

Рим папасы Франциск эки жолу курч респиратордук жетишсиздик менен жабыркап, кайра жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулду. Бул туурасында Ватиканга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, ага бронхоскопия жасалып, өпкөсүн калыбына келтирүү аракети жүргөн. Ал бардык учурда эсин жоготкон эмес.

Белгилей кетсек, Рим папасы 14-февралда бронхит менен ооруканага жаткырылып, бирок кийинчерээк ага кош пневмония деген диагноз коюлган. 1-мартта аны жасалма дем алдыруучу аппаратка кошуп, бир күндөн кийин абалы жакшыргандыгы айтылган.

Ал эми Рим папасынын өкүлү Жанфранко Раваси Франциск ооруканага жаткырылгандан бир жума өткөндөн кийин “эгер ал милдеттерин аткарууда кыйынчылыкка учураса, тактыдан баш тарта алат” деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан