Күн-Туудагы бала бакчанын курулушу аяктап калды (сүрөт)

Сокулук районунун Күн-Туу айылында жаңы бала бакчанын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдады.
Ага ылайык, объекттин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
Жаңы бала бакча эки кабаттуу имараттан туруп, 140 балага ылайыкталып, бардык шарттар каралат. Анда атайын оюн жана окуу бөлмөлөрү, уктоочу бөлмө, ашкана, музыкалык зал жана медициналык кабинет бар. Мындан тышкары бакчанын аймагында коопсуз оюн аянтчасы орнотулган.
Объекттин тендердик баасы 54 миллион сомду түзөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан