Милиция TikTok'тогу Azattyk аккаунтунун ээсин кармады

Ысык-Ата районунда акча талап кылган деген шек менен TikTok социалдык тармагындагы Azattyk аккаунтунун ээси кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 4-февраль күнү Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө А.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 2024-жылдын 20-декабрынан бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн баракчасына аброюна шек келтирген жеке сүрөттөрүн жарыялаган TikTok социалдык тармагынын Azattyk аккаунтунун ээсине чара көрүп берүүнү суранган. Ал мындан тышкары билдирүүлөрдү өчүрүү өтүнүчтөрүнө жооп кылып, аккаунттун ээси акча талап кылганын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Бүгүн, 4-мартта Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө жана атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан