Бишкек шаарында катылган баңгизатты таап алган өспүрүмдөр сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка караганда, 15-февралда 9, 10 жана 12 жаштагы балдар сейил бактардын биринде жерди казып жаткан шектүү балдарды байкап калышкан. Алар кеткен соң окуучулар көмүлгөн жерди кайра казышып, скотч менен оролгон 2 кичинекей таңгак таап алышкан жана бул тууралуу милицияга кабарлаган. Текшерүүдө таңгактардын ичиндеги баңгизат экени белгилүү болгон.
Мындан улам райондук милициянын жетекчиси Эрназар Дүйшөкеев балдарга ыраазычылык кат тапшырган. Милиция аталган өспүрүмдөр буга чейин дагы маңзат тууралуу укук коргоо органдарына кабар беришкенин кошумчалады.