АКШнын президенти Дональд Трамп Америка конгрессинде сүйлөп жатып, Украинанын лидери Владимир Зеленскийден тынчтыкты орнотуу боюнча сүйлөшүү үстөлүнө отурууга даяр экенин билдирген кат алганын билдирди. Бул туурасында "РИА Новости" маалымдады.
“Бүгүн мен Зеленскийден маанилүү кат алдым. Украина узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүү үчүн мүмкүн болушунча тезирээк сүйлөшүү үстөлүнө отурууга даяр экендигин айтыптыр. Ошондой эле кен байлыктары боюнча келишимге кол коюуга даяр экенин да кошо кетиптир. Мен катты жаңы алдым”, - деди мамлекет башчысы Капитолийде АКШ конгрессинин эки палатасынын алдында сүйлөп жатып.
Белгилей кетсек, буга чейин Украинанын мамлекет башчысы өзүнүн социалдык баракчасынан Трампка кайрылган.