Тоң районунан дайынсыз жоголгон 15 жаштагы өспүрүм Каракол шаарынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Оттук айылындагы үйүнөн 17-февралда саат 17:00 чамасында чыгып кеткен бойдон кайра кайтып барган эмес. Мындан улам издөө иштери башталып, өспүрүм Каракол шаарынан табылып, укук коргоо кызматкерлери аны ата-энесине өткөрүп беришкен. Облустук милиция анын ата-энеси арыз менен 23-февралда кайрылганын кошумчалады.