"Тарыхта биринчи жолу". ФИФА 2026-жылдагы дүйнө чемпионатында көрүүчүлөрдү таң калтырганы жатат

Биринчи жолу 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында супержылдыздар талаада ырдап, тыныгууда Super Bowl стилиндеги музыкалык шоу көрсөтүлөт. Бул тууралуу Эл аралык футбол ассоциациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино билдирди.

Дүйнө чемпионаты 2026-жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Финалдык беттеш Нью-Жерси штатындагы 82 миң 500 көрүүчү бата турган "Метлайф Стадиум" стадионунда өтөт.

"Мен дүйнөлүк чемпионаттын финалдык беттешинин биринчи бөлүгү аяктаган маалда тарыхта боло элек шоу тартууланарын ырастай алам. Бул дүйнөлүк чемпионат үчүн тарыхый учур жана дүйнөдөгү эң ири спорттук иш-чарага татыктуу шоу болмокчу", - деп жазды Инфантино.

Белгилей кетсек, Кыргыз курамасы бул дүйнөлүк чемпионатка тандоонун акыркы этабында оюн алып барууда. 20-мартта "Ак шумкарлар" Өзбекстан менен конокто ойносо, 25-мартта өз үйүндө Катар курамасын кабыл алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан