Өлкөнүн Улуттук банкы телефон шылуундары тууралуу эскертип, жарандарды сак болууга чакырды.
Анда айтылгандай, Улуттук банктын жетекчилигинин атын жамынып, коммерциялык банктардын мурдагы жана азыркы төрагаларына билдирүүлөрдү жөнөтүп, көйгөйлөр жаралгандыгын кабарлашууда.
"Адамды ынандырыш үчүн шылуундар Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарларынын жана башка кызматкерлердин сүрөтүн көрсөтүшүүдө. Андан кийин өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери деп тааныштырган адам байланышка чыгып, тезинен акча которууну суранат. Эч убакта мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз, шектүү маалыматтарды расмий булактардан текшериңиз, кандай болгон учурда да бейтааныш адамдарга акча которбоңуз", - дешти башкы банктан.
Белгилей өтсөк, Улуттук банк эч качан телефон аркылуу жарандардан жеке маалыматтарын сурабайт жана “коопсуз” эсеп деген шылтоо менен эч убакта акча которууну сунуштабайт.
Ошондой эле Улуттук банк жарандарга эсеп ачпайт, физикалык тараптарга тейлөө жүргүзбөйт жана калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт.