Бүгүн Бишкекте бөйрөк алмаштыруунун 65-операциясы ийгиликтүү өттү

Бүгүн, 6-мартта саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болуп, ал жердеги трансплантология бөлүмүнүн иши менен таанышып, операцияларды жасоо шарттарын көрдү. Бул туурасында министрликтен билдирди.

Маалымдалгандай, бүгүн, кезектеги бейтапка туугандык донордун бөйрөгүн трансплантациялоо операциясы ийгиликтүү өттү. Бул борбордо жасалган 65-трансплантация.

"Кыргызстанда бөйрөктү трансплантациялоо тармагында оң тенденция байкалууда. 2024-жылы операциялардын саны 2023-жылга салыштырмалуу 36,4 пайызга өсүп, жылына 22 трансплантацияга жеткен. 2025-жылдын башынан бери 5 операция жасалган. Операциялардын санын көбөйтүү трансплантологияны өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясынын жана бюджеттик каржылоого өтүүнүн аркасында мүмкүн болду. Борбордо туугандык донордон трансплантациялоо жасалат. Анда донорлор көбүнчө 30 жаштан 40 жашка чейинкилер", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан