Дмитрий Бивол Хабиб Нурмагомедов менен көчөдө мушташуудагы мүмкүнчүлүгүн айтты

Бокс боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Дмитрий Бивол UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен көөдө мушташып калса, кандай мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

Мындай күтүүсүз суроо Биволго Бетербиевдин жеңгенден кийин берилген.

"Сиз Хабибди Нурмагомедовду көчөдөгү мушташта жеңе алам деп ойлойсузбу?" деген суроо берилген Биволго.

"Чынын айтсам, көчө мушташына ММА стили көбүрөөк ыңгайлуу келет. Андыктан менде эч кандай мүмкүнчүлүк болмок эмес деп ойлойм. Муну жашыруунун кажети жок", - деген Бивол.

Аралаш мушташ боюнча легендарлуу мушкер ХАбиб Нурмагомедов 4 жыл мурун профессионалдык карьерасын бүтүргөн. Ал карьерасында жалпы 29 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан