Британиянын бийлиги кагышкан танкер боюнча билдирүү таратты

Улуу Британиянын парламентинин мүчөсү Грэм Стюарт Түндүк деңизинде кагылышкан танкер жана кемедеги абал боюнча билдирүү таратты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, кырсыктан каза болгондор катталган эмес. Экипаждын бир мүчөсү гана ооруканага жеткирилген.

"Менин билишим боюнча, бир адам ооруканада, ал эми эки экипаждын калган 36 мүчөсү аман-эсен", - деп жазган Стюарт.

Белгилей кетсек, буга чейин Британиянын жээгинде мунай ташыган танкер менен жүк ташуучу кеме кагышып, бир нече жарылуу болгондугу айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан