Ош шаарында 2013-жылдын 2-декабрынан бүгүнкү күнгө чейин үч селсаяк суукка тоңуп өлгөн. Бул тууралуу ШИИББдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, суукка тоңуп өлгөн селсаяктарды эч бир мекеме кабыл алган эмес. Алар 42 жаштагы Бакыт Келдибеков, 39 жаштагы Бакыт Сыдыков жана 34 жаштагы Жыпара Мырзабекова аттуу айым.
Эске салсак, учурда Ош шаарында 59 селсаяк катталган, алардын эң кичүүсү 20 жашта.