Бишкек шаарындагы спорт комплекстеринде студенттер арасында Кыргызстандын универсиадасы орун алат. Бул туурасында бүгүн, 11-мартта Жаштык дирекциясы билдирди.
Маалымдалгандай, спорттук иш-чара 12-марттан 25-апрелге чейин өтөт. Анда студенттер 15 спорттун түрү боюнча жарышат.
Белгиленгендей, универсиадада аныкталган мыкты спортчулар республикалык жана эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргойт.
Ал эми иш-чаранын расмий ачылышы 14-апрелде саат 14:00дө Кожомкул атындагы спорт сарайында болот.