Легендарлуу Диего Марадонанын өлүмүнө күнөөлүүлөр 25 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

Аргентинада футбол легендасы Диего Марадонаны өлтүргөн деп айыпталган медицина кызматкерлеринин соту башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Айыпталган жети адамдын арасында Марадонанын жеке дарыгери, нейрохирург, психиатр, ошондой эле медайымдар жана башка медициналык кызматкерлер бар.

Алар футболчунун өлүмүнө алып келиши мүмкүн болгон шалаакылык үчүн айыпталууда. Күнөөлөрү далилденсе, алар 8 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылат. Сот процесси 2025-жылдын 11-мартында башталып, 100дөн ашык күбөнүн көрсөтмөлөрүн кошкондо июлга чейин созулушу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, футболчуда гемотома бар экендиги аныкталып, баш мээсине операция жасалган. Дарыгерлер анын операциясы олуттуу эмес экендигин билдиришип, футболчунун ден соолугун жакшы дешкен. Ага карабастан ал үйүнө барган соң өзүн жаман сезе баштаган. Дарыгерлердин жасаган аркеттеринен майнап чыкпай, футболчу 2020-жылы 25-ноябрда 60 жашында каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан