Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ менен Украинанын өкүлдөрүнүн Сауд Арабиядагы жолугушуусунан кийин АКШ президенти Дональд Трампка ыраазычылык билдирди.
Кечээ, 11-мартта Сауд Арабияда АКШ менен Украинанын делегацияларынын жолугушуусу болду. Зеленскийдин кеңсеси сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Киев менен Вашингтондун биргелешкен билдирүүсүн жарыялады. Анда Киев АКШнын 30 күнгө ок атышпоо боюнча сунушуна даяр экени, АКШ Украинага жардам берүүнү улантары айтылат.
"Америка тарап биздин аргументтерди түшүнөт, биздин сунуштарды кабыл алат, мен президент Трампка биздин командалардын ортосундагы конструктивдүү сүйлөшүү үчүн ыраазычылык билдиргим келет", - деди Зеленский кечки видео кайрылуусунда.