Бүгүн, 12-мартка караган түнү Европада беделдүү делген Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук оюндары өтүп, анын жыйынтыгы менен турнирдин чейрек финалынын биринчи жуптары аныкталды.
Алдыңкы сегиздикке нидерландылык "Фейеноордду" жеңген "Интер" клубу менен "Байерди" 5:0 эсебинде жеңген "Бавария" кирди. Ошентип "Интер" менен "Бавария" чейрек финалга чыккан биринчи жуп болуп калышты.
Чемпиондор Лигасынын 1/4 финалы: "Интер" - "Бавария".
Командалардын ортосундагы биринчи беттеш 8-апрелде Мюнхенде өтөт. Жооптук оюн 15-апрелде Миланда өтөт.