Трамптын келини америкалыктар 2 адамдын бутун өбүшү керектигин айтты. Алар кимдер?

АКШ президентинин үчүнчү уулунун жубайы Лара Трамп америкалыктар миллиардер Илон Маск менен Дональд Трамптын өкмөттөгү федералдык чыгымдарды кыскартуу аракеттери үчүн ыраазычылык билдириши керек дейт. Ал бул тууралуу Fox News телеканалына берген маегинде айтты.

"Адамдар муну чындап кылганы үчүн Илон Маск менен Дональд Трамптын бутун өбүшү керек", - деген Лара.

Ошондой эле ал Ак үйдүн улук кеңешчиси катары эч кандай акы албаган Маск каржылык курмандыктарга барып жатканын белгилеп, айтылган эки адамсыз Кошмо Штаттар мындан ары жок болмок деген пикирин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан