Тимур Мадяров Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Тимур Мадяров президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалап келген.