
Бүгүн, 12-мартта Ошто күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 09:11де Кыргызстандын түштүк аймагында күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош шаарынан 3 чакырым түндүктө 5 баллга чейин сезилген.
Ал эми Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү аталган аймакта саат 03:11де дагы катталган.
ӨКМ учурда тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.