Жүрөк хирургиясы институту бейтаптарды кабыл алууну жандантты

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту бейтаптарды кабыл алууну жандантты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук госпиталдын жана Республикалык диагностикалык борбордун имараттарына убактылуу көчүрүлгөн бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү толук кандуу жанданып, бейтаптарды кабыл алуу штаттык режимде уланууда.
Учурда аталган жайда күн сайын 2-3 операция жасалып жатканы айтылды.
"Республикалык диагностикалык борбордо жүрөк хирургия бөлүмдөрүнүн дарыгерлери иштеп жатышат. Ал эми Улуттук госпиталда органдарды трансплантациялоо жана өнөкөт жүрөк жетишсиздигин хирургиялык дарылоо бөлүмүнүн дарыгерлери иш алып барышууда. Ал эми 12-марттан баштап бейтаптарды Улуттук госпиталга жаткыруу башталат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан