Коңшу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга расмий сапар менен келишине байланыштуу Бишкекте милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
"Коңшу өлкөнүн президентинин келишине байланыштуу, коомдук тартипти сактоого жана жол коопсуздугун камсыздоого Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан 4000ден ашык милиция кызматкерлери тартылат. Борбордук милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Ошондой эле шаардын айрым аймактарында жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет", - деп билдиришти шаардык милициядан.
Эмомали Рахмон Кыргызстанга бүгүн, 12-мартта келет.