Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын ишин сынга алды.
Ал коомчулукта 12 жылдык билм берүү боюнча толук маалыматтын жоктугунан ар түрдүү пикир жаралып жатканын белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү бул мамлекеттик саясат болсо каршы болбостугун, бирок азыркы учурда реформа кылууга мектептерде шарт жок экенин айтты.
"Буга мугалимдер да, китептер да, программа да даяр эмес. Этап-этабы менен өтөбүз дегенден кийин, иштеп жаткан азыркы лицей, гимназияларга тийишпеген жакшы. Акылбек Жапаров кызматтан кетип жатканда №519 буйрук чыгарып кетиптир. Билим берүү министри "ошону мен аткарам" деп тескеме чыгарып, президенттик аппаратка кызматтык кат жөнөтүп, мектептер ызы-чууга түшүп калды. Лицей, гимназияларды 1-апрелге чейин лицензиясы бүткөн-бүтпөгөнүнө карабастан толук жойгула деген буйрук бар экен.
Ошону менен мектептер ызы-чуу болуп, Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өтүп жатышат. Жети облустан тынбай байланышка чыгып жатышат. Натыйжа берген лицей, гимназияларды кармап турсаңар. Талкалап коюш оңой эле, кайра калыбына келтириш кыйын. Жакшы мектептердин бардыгын бир казанга салып, окуучулардын да, мугалимдердин да маанайын бузуп, кружокторду, кошумча сабактарды жок кылып, ызы-чуу эле болду да.
Министрге айтсаң эле жаман көрөт экен. Батыштын тапшырмасын алып талкалаганы келгенби? Билген намазын окуп жатат. Көзөмөлгө албасаңар бул аял билим берүү тармагын талкалап туруп кетип кала турган максаты бар окшойт. Акылбек Жапаров эмне максат менен буйрукту чыгарып кеткенин карап койгула!" - деди Нарматова.