Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевден кандай иштерди кылып жатканын сурады.
"Мына министр жаңы болгон. Бүгүнкү күндө кандай реформаларды кылдыңыздар? Ушул жерде депутаттар мурунку министрди (ред.: Алымкадыр Бейшеналиев) фармация, дарыканалар боюнча асылып жатып жумуштан алдык. Сиз кандай иш кылып жатасыз?" - деди ал.
Чечейбаев "Кыргыз фармация" ишканасына жаңы жетекчи дайындалганын, ал ишти алып кетеринен үмүт кылып жатканын айтып, алдыда жасала турчу реформалардын планы түзүлүп жатканын билдирди.
"Урматтуу министр, ошол үмүт кылганыбызга 33 жыл өтүп кетти. Үмүт кылып эле келе жатабыз. Сизди дагы үмүт артып министр кылды. Сизге "жазып алыңыз, Ысык-Көл облусунда медицинадан стоматология тармагын өзүнчө бөлүп чыгыңыз. Биринчи тапшырмаңыз ушул болсун" деген элем. Бул тууралуу кат дагы жөнөткөм. Сиз катка дагы жооп берген жоксуз. Өлкө боюнча стоматология бирдиктүү эмес, өзүнчө-өзүнчө болуп бөлүнгөн. Сиз ошол тармакты карай элек экенсиз. Билбесеңиз билип алыңыз", - деди Түмөнбаев.
Министр медициналык уюмдарды майдалап бөлүүнүн кажети жок экенин айтты.