Кеминде акимдин мурдагы орун басарына тийиштиги бар бала бакча мамлекетке алынды 

Чүй облусунун Кемин шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта УКМКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган объект 2004-жылы Кемин районунун акиминин мурдагы орун басары Ч.А.нын жакын тууганы тарабынан жеке менчикке менчиктештирилгени аныкталган. Көрүлгөн чаралардын негизинде Кемин шаарындагы Жаштык кичи району дарегинде жайгашкан 40 сотых аянтты ээлеген бала бакчанын аймагы мамлекеттин балансына кайтарылды.

Ошону менен бирге Кемин шаардык мэриясына аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесин реконструкциялоо жана куруу маселесин тез арада Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясынын кароосуна алып чыгуу сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан