Эртең, 13-мартта өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаайт. Ал эми калган аймактарда күн ачык болот.
Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17;
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарынды түнкүсүн 1…6, күндүз +15…+20;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +5…+10;
Бишкек шаарында түнкүсүн -1…+1, күндүз +15…+17 грудус жылуу болот.