Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген эл аралык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.
Ага ылайык, Ысык-Көл айланма унаа жолун (Барскоон–Каракол) оңдоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан насыя алынат. Жолду жаңылоого жалпы 137,04 миллион доллар бөлүнөт. Анын ичинен 87 миллион доллар насыяга алынса, 22,5 миллион доллар грант катары келет. Ал эми өкмөт 27,54 миллион доллар бөлөт.
Насыянын мөөнөтү 32 жыл, жеңилдетилген мезгил – 8 жыл. Жеңилдетилген мезгилдеги пайыздык чен – 1%, жеңилдетилген мезгил аяктагандан кийин пайыздык чен – 1,5 пайыз.
Мыйзам долбоору узундугу 75,2 чакырымды түзгөн Ысык-Көл айланма автожолунун Барскоон–Каракол участогун реконструкциялоого багытталган.