"Социалдык тармак аркылуу сүйлөшкөндү токтоткулачы!" Депутат Талиева Байсаловго кайрылып, Кендирбаеваны сынга алды

Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева 12 жылдык билим берүүгө каршы экенин билдирди.

"Эдил Жолдубаевич (ред.: Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары) ушундай келип, жолугуп жандуу сүйлөшсөк. Ушу социалдык тармактар аркылуу сүйлөшкөндү токтоткулачы! Өкмөт менен Жогорку Кеңеш ынтымакта эле болсун. Мен эми билим берүү маселеси боюнча сиз менен сүйлөшөт окшойм. Себеби Догдуркүл айымдын (ред.: билим берүү жана илим министри) өзүнүн Би-Би-Сиси бар экен. Дайыма мени консерватор деп соктуруп жатат. Мен консерватор болгонума сыймыктанам, силер бүлүндүргүч эмес, реформатор болгулачы...

Сиз (ред.: Эдил Байсалов) "ар бир мектепти психолог менен камсыз кылабыз" дедиңиз, эми 2377 мектепке кайдан табасыз? Буга мен карамандай каршымын. Мектептер, мугалимдер даяр болушу керек. Жаш мугалимдердин сапаты төмөн болуп жатат, ал эми улуу муундагылар "биз даяр эмеспиз" деп ыйлап жатышат. Сурамжылоо жүргүзүп көргүлөчү, элдин 99 пайызы каршы", - деди ал.

Байсалов 12 жылдык окууга өтүү өзү чоң каражатты, көп жылдык убакытты талап кыларын белгилеп, бирок реформага баруу зарыл экенин айтты. Эл өкүлү Талиева системалуу маселелерди чечүү керек деп эсептейт. Анын айтымында, быйыл жайында мугалимдерди окутуу башталса, алар эмгек өргүүдөн ажырап, укуктары бузулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан