Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларустун премьер-министри Александр Турчинди жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
"Сиздин мамлекеттик кызматтагы көп жылдык тажрыйбаңыз жана жогорку кесипкөйлүгүңүз Беларус өкмөтүнүн элдин жыргалчылыгы жана мамлекеттин гүлдөп өсүшү үчүн ийгиликтүү иштешине өбөлгө түзөт деп ишенем. Сизди эки тараптуу форматта, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында кыргыз-беларус достук жана өнөктөштүк мамилелерин активдештирүү боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендигибизге ишендиргим келет", - деп жазылат өкмөт башчынын куттуктоо катында.
Министрлер кабинетинин башчысы Беларустун премьер-министрине чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады.