Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик көчмө каттоо кызматын сунуштайт. Бул туурасында мекемеден билдиришти.
Маалымдалгандай, жарандар кызматты жумушуна же үйүнө чакырып алса болот.
"Кызматтын баасы — 3479 сом. Мобилдик топ сизге ыңгайлуу жерге келип, каттоо иштерин жүргүзүп, техникалык паспорт жана мамлекеттик номер берет. Бул жарандардын убактысын үнөмдөө багытында ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, кызмат алуу үчүн дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 08:30дан 17:30га чейин кайрылса болот. Байланыш телефону (WhatsApp):
+996 999 631 727