Кызамык менен ооруган үч бала жандандыруу бөлүмүндө жатат

Учурда Бишкектеги ооруканаларда кызамык менен ооруган 133 бейтап жатса, анын үчөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Маалымдалгандай, министр Эркин Чечейбаев Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына (РКЖОО) барып, кызамык жана башка жугуштуу оорулар боюнча учурдагы эпидемиологиялык абал менен таанышты.

Буга чейин кызамык оорусу күчөгөнүнө байланыштуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 9 адистештирилген бөлүм ачылган. Бирок ооругандардын саны азайгандыгына байланыштуу азыр үч бөлүм курч ичеги инфекциясы, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана вирустук гепатит менен ооругандарды кабыл алып, мурдагы иштөө режимине өткөрүлдү. Учурда кызамык оорусун дарылоо боюнча 6 бөлүм иштеп жатат.

Министр дарыгерлер жана бейтаптар менен баарлашып, оорукананын керектүү дары-дармектер менен камсыз болушу жана бейтаптарды дарылоо үчүн шарттар менен таанышты. Ал кызамык оорусуна каршы өз убагында эмдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эмдөө бул илдеттен жана анын татаалдашынан сактануунун эң эффективдүү жолу экенин баса белгиледи.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календарына ылайык балдар 12 айлык жана 2 жашында КПК вакцинасын (кызамыкка, паротитке жана кызылчага каршы) алышы керек. Бирок ДСУнун сунуштарына ылайык, эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөө 6 айлык ымыркайларга да жүргүзүлүшү мүмкүн.

2023-жылы Иммунизациялоо боюнча илимий-техникалык эксперттик топ Саламаттык сактоо министрлигине кызамыкка каршы эмдөөнү 9 айдан баштап баштоону сунуштаган. Кызамык оорусунун чыгышына жооп иретинде 9 айдан 7 жашка чейинки балдарга эмдөө кампаниясы жүргүзүлүп, 918 миң бала эмдөөдөн өткөн.

Учурда бардык балдар үчүн эпидемиологиялык көрсөткүчтөрдөн улам эмдөө жашын 6 айга чейин төмөндөтүү маселеси каралууда.

Маалымат үчүн: Кызамык – аба аркылуу жугуучу курч вирустук илдет. Ал абдан жугуштуу, калтыратма, исиркектердин пайда болушу, былжыр челдин сезгениши менен мүнөздөлөт жана олуттуу оорлошууга, ал тургай өлүмгө алып келиши мүмкүн. Кызамыкты алдын алуунун бирден-бир натыйжалуу ыкмасы бул - эмдөө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан