Догдуркүл Кендирбаева билим берүү системасындагы окуу китептерин жаңыртуу маселеси боюнча маалымат берди (видео)

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү системасындагы окуу китептерин жаңыртуу маселеси боюнча маалымат берди. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, министр учурда так илимдер боюнча жаңы окуу китептери даярдалып жаткандыгын айткан.

"Дүйнөлүк стандарттарга жооп берүү жана сапатты жогорулатуу максатында эң алдыңкы өлкөлөрдөн лицензияланган окуу китептери алынды.

Учурда китептерди которуу жана адаптациялоо иштери ыкчам жүргүзүлүүдө. Которуп бүткөн китептерди практикалык мугалимдер менен биргеликте адаптациялоо иштери жүргүзүлүп, андан соң терминологиялык комиссиянын кароосуна сунушталат. Китептерди сентябрь айына чейин басып чыгаруу пландалууда", - деп белгилеген министр.

12.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан