Ипподромдогу Мирлан Сраждиновдун өлүмүнө байланыштуу дагы бир адам кармалды

Бишкектеги ипподромдо өткөн Биринчи лигадагы "Бөрүлү" - "Бүркүт" командаларынын оюнун тейлеген калыс милиция тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, оюн учурундагы кагылышуудан "Бөрүлү" командасынын капитаны Мирлан Сраждинов башынан катуу жаракат алып, каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө милиция шектүү катары оюн учурунда калыстык кылган 1983-жылы туулган Ш.У. аттуу судьяны кармады.

Милиция учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин ушул эле иштин алкагында 28 жаштагы жаран милиция тарабынан кармалган.

Окуя кечээ, 12-мартта Бишкектин четиндеги ат майданда болгон. Анда Сокулуктун "Бөрүлү" командасы менен Оштун "Бүркүт" командасы ойноп жаткан маалда легендарлуу улакчы Мирлан Сраждинов атаандашы менен кагышып, андан кийин улакчы каза болгон.

Бул окуядан кийин турнир эки күнгө токтотулуп, Көк бөрү федерациясы аза күтүү жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан