Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча турнир 15-мартта жанданат. Бул тууралуу “Көк бөрү” федерациясынын 12-мартта өткөн маалымат жыйынында айтылды.
Белгилей кетсек, Нооруз майрамына карата уюштурулган турнирдин биринчи оюнундагы "Бөрүлү" - "Бүркүт" командаларынын беттешинде "Бөрүлүнүн" капитаны Мирлан Сраждинов башынан катуу жаракат алып каза болгон. Анын өлүмүнө шектелип эки жаран кармалганы кабарланган.
Анда маалымдалгандай, 13-14-март күндөрү Көк бөрү федерациясында аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Маалымат үчүн: Нооруз турнири жылда Спорттун улуттук түрлөрү боюнча мамлекеттик дирекциянын календарлык планы менен өткөрүлөт. Анда көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш жана башка ат оюндары уюштурулат. Көк бөрү оюндары 12-мартта башталып, 21-март Нооруз майрамына карата жыйынтыкталмак.