Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кloop жана Темиров Live сайттарында жарыяланган маалыматтарды четке какты. Мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 13-мартта аталган сайттардын "Насоновское" алтын кенине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тиешеси болушу ыктымал деген маалыматын төгүндөп, аталган кендин жалгыз ээси кыргызстандык Азрет Боотаев аттуу жаран болгонун маалымдады.
УКМК Боотаевге маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (К. Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунундагы ишмердүүлүгү боюнча кылмыш иши козголгонун белгиледи.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө "Насоновское" кенин мурдагы жеке менчик ээси Азрет Боотаев, "Консульере Групп" ЖЧКсына жетишилген макулдашуулардын негизинде кенди иштетүүгө милдеттүү түз инвестициялардын шарттары менен сатканы аныкталган. Бирок кийинчерээк "Консульере Групп" ЖЧКсы "Насоновское" кенин сатып алгандан кийин мамлекетке жүктөлгөн милдеттерди аткарбай койгону, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында социалдык милдеттенмелерди өз убагында төлөбөгөндүгү, салык карыздары бар экендиги жана комбинаттын өндүрүшүн өнүктүрүүгө инвестицияларды тартпаганы аныкталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 2025-жылдын 12-мартында "Насоновское" кенин иштетүүгө лицензия жокко чыгарылган жана Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлиги аркылуу мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.
УКМК аталган кенге жана аны иштетүүгө Камчыбек Ташиевдин эч кандай тиешеси болбогонун кошумчалады. Ошондой эле коомдук пикирди бурмалоого кызыкдар болгон тараптардын жалган жана чагымчыл маалыматтарына ишенбөөгө чакырды.
Кloop сайты 10-март күнү иликтөөсүн жарыялап, 2023-жылы 4-октябрда УКМК тарабынан өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн көп өтпөй ишкер Азрет Боотаев кармалып, ага Көлбаевдин кылмыштуу тобунун акчасын адалдоо айыбы тагылганын жазган. Иликтөөдө Боотаевдин Чүйдөгү "Насоновское" алтын кенин иштетүүгө лицензиясы болгону, бирок ал кармалгандан бир жарым жыл өткөндөн кийин лицензиясына ээлик кылган "Акжолтой Майнинг" компаниясын Артур Алыбаев аттуу ишкерге жана "Консульере Групп" аттуу компанияга өткөрүлүп берилгени, Артур Алыбаев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин досу Айбек Алыбаевдин уулу экени айтылган.