Өлкөдө быйыл жалпы 64,6 миң тонна дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы минстрлигинин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, бүгүнкү күнгө карата 58,5 миң тонна үрөн топтолуп, камсыздоо 91 пайызды түздү.
Өлкө боюнча сулуу, күрүч, тамеки, чанактуулар жана соя өсүмдүктөрү 100 пайыз камсыздалды. Ал эми жетпеген үрөндөр дотация аркылуу жана үрөн чарбаларда эркин сатууга коюлган үрөндөр менен камсыздалат.
Ошондой эле быйыл 15 питомник тарабынан мөмө-жемиштердин 12 миллион 152 миңден ашык көчөттөрү даярдалды.