Депутат Масалиев кесиптештерин Айжигитовго сөз берип коюуга чакырды

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 13-марттагы жыйынында депутат Исхак Масалиев кесиптештерин эл өкүлү Султанбай Айжигитовго сөз берип коюуга чакырды.

Айта кетсек, парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Султанбай Айжигитов борбордук трибунада сүйлөө үчүн 10 мүнөт убакыт сураган. Сунуш добушка коюлуп, колдоо тапкан эмес.

"Сунуш берет элем. Келгиле, дагы бир жолу добушка коюп, аксакалга сөз берели. Чек ара боюнча, башка нерсе жөнүндө айтпайт. Чын эле ушул жашка жетип, фракциядан 2-3 киши кубалаганы кантет? Болбойт да андай нерсе. Прокурор, жетекчи болсо мыйзамды дагы жакшы түшүнөт. Себеп болуш керек. Эгерде кандайдыр бир кылмышка ылайыктуу себеп болсо, фракциянын ичинде быкы-чыкы иш кылса бир жөн. Болгондо да анда "өз пикиримди айтып жатам" деген", - деди эл өкүлү.

13.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан