Бишкекте Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун расмий жолугушуусу башталды

Бүгүн, 13-мартта Бишкекте Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуусу башталды.

Белгилүү болгондой, Рахмон Кыргызстанга кечээ күнү келген. Анын алкагында өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.

Мындан сырткары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюла турганы айтылган.

Жапаров менен Рахмондун жолугушуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан