Эмомали Рахмон "Ата-Бейитке" барып, курман болгондорго таазим кылды (видео)

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн лидерин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев коштоп барган.

"Эмомали Рахмон 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын курмандыктарынын мемориалына гүлчамбар коюп, курман болгондордун элесине таазим кылды. Андан соң Тажикстандын президенти залкар кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, маркумга куран окулду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Эмомали Рахмон Бишкекке кечээ, 12-мартта мамлекеттик сапар менен келген.

13.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан