
Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору болуп
Мирлан Дылдаев дайындалды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн, 13-мартта билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кызматка 6 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалган.
Эске салсак, буга чейин аталган окуу жайды Абдылда Мусаев жетектеген.