Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду расмий тосуп алуу аземи кандай өттү? (фото, видео)

Бүгүн, 13-мартта "Ынтымак ордодо" президент Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуу аземи өттү.

Тажикстандын лидеринин кортежи атчандардын коштоосунда “Ынтымак ордо” имаратынын алдына келди.

“Ынтымак ордонун” флагштокторуна Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик желектери илинди, Ардак кароол тизилди, килемдер төшөлдү.

Президенттер бири-бири менен учурашып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылары тизилген катардын алдынан басып өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырышты. Андан кийин Ардак кароолдун аскер кызматкерлери мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу жүрүш менен өтүштү.

13.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан