Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы ачылды (видео)

Бүгүн, 13-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы расмий түрдө ачылды.

Лейлек районундагы "Кайрагач" жана Баткен районундагы "Кызыл-Бел" чек ара өткөрүү жайынын ачылышына президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон аралыктан катышты.

Коңшу өлкөнүн лидери Эмомали Рахмон Бишкекке кечээ, 12-мартта мамлекеттик сапар менен келген. Бүгүн "Ынтымак ордодо" Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюшту.

Белгилей кетсек, эки өлкө ортосундагы чек ара өткөрүү жайлары 2021-жылдын май айында болгон биринчи кандуу кагылыштан кийин жабылган.

13.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан