Учурда 600 миң кыргызстандык чет өлкөдө жүрөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу маалымат жыйынында билдирди.
"Эң көп Орусия аймагында. Орусия ИИМинин расмий маалыматы боюнча, 2024-жылдын жыйынтыгында миграциялык каттоодон 379 миң 949 кыргызстандык өткөн. Ал эми Казакстанда болжолдуу маалыматтар боюнча 70 миң, Түркияда 32 миң мекендешибиз бар. Министрликтин эсеби боюнча, бүгүнкү күндө АКШда 40 миңге жакын, Кореяда 17 миңден ашуун, Германияда 15 миңдей, Бирикке Араб Эмираттарында 10 миңден ашуун мекендешибиз бар", - деп келтирет анын сөзүн мекеменин басма сөз кызматы.