Былтыр Орусиядагы кыргызстандыктарга 43 миллион рублдан ашык сумма өндүрүлүп берилди

Өткөн жылы Орусиядагы 623 кыргызстандыкка төлөнбөгөн эмгек акыларын алууга жардам берилди. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу айтканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, төлөмдөрдүн жалпы суммасы 43 миллион 453 миң 400 рублду түзөт. Ошондой эле Дарманкул уулу 11 миң 256 мекендешке миграциялык мыйзамдар боюнча кеңеш берилгенин белгиледи.

"Министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен 3931 кыргызстандык милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин алышты. Мындан тышкары ата-энесинин камкордугусуз калган, же турмуштук оор кырдаалга кабылган 97 жашы жете элек бала менен иштер жүргүзүлүп, айрымдары мекенине алып келинсе, айрымдары каралып жатат", - деди эмгек министринин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан