Кыргызстан-Тажикстан чек ара боюнча келишим: ЖККУ билдирүү таратты

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Катчылыгы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга кол коюлганын кубаттады. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Билдирүүдө буга эки өлкө лидерлеринин саясий эрки жана тынымсыз аракеттеринин аркасында жетишилгени белгиленген.

"Чек ара маселелеринин чечилиши, албетте, регионалдык кызматташтыктын ар кыл тармактарда өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, ЖККУнун жоопкерчилик аймагында коопсуздукту жогорулатууга жана Уюмдун алдында турган милдеттерди аткарууга жардам берет.

Кыргызстан менен Тажикстандын элине экономикалык жактан өнүккөн жана ынтымактуу коомдорду курууда мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз" деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-мартта Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун расмий жолугушуусу болду. Анын алкагында эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга кол коюшту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан