Бүгүн, 13-мартта өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаров менен расмий жолугушуу үчүн "Ынтымак ордого" келди.
Имарат алдынан коңшу өлкөнүн лидерин мамлекет башчы Садыр Жапаров өзү тосуп алып, өкмөт мүчөлөрү менен тааныштырды. Анда Эмомали Рахман УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен кол алышып, бир мүнөттөй сүйлөштү. Бирок кеп эмне жөнүндө болгону белгисиз.
Рахмон кийинки өкмөт мүчөлү менен учурашкан соң Жапаров тажик делегация мүчөлөрү менен таанышты. Андан соң эки өлкө башчылары "Ынтымак ордо" имаратынын ичине кирип кетишти.
Эске салсак, Тажикстан президенти Бишкекке кечээ, 12-мартта келген.