Баткендеги "Манас" комплекси оңдоп-түзөөдөн өтөт

Бүгүн, 13-мартта Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев Базар-Башы аймактык башкармалыгында жайгашкан "Манас" комплексине барды. Анда мэр аталган комплексте жарыктандырууну калыбына келтирип, туристтерди кабыл алууга ылайыкташкан жайга айлантуу керектигин белгиледи.
Баткен шаардык мэриясы билдиргендей, азыркы учурда комплекстин айланасы кароосуз калып, айкелдер сырдалбай, айрымдары сынган.
Мэр жакынкы аралыкта аталган жайды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керектигин айтып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан